АКШнын Техас штатында суу ташкынынан каза тапкандар 80 кишиге жетти, анын 28и балдар.
Штаттын Керр округунун шерифи Ларри Лита жекшембинин кечинде журналисттерге аймакта суу ташкыны 68 кишинин өмүрүн кыйганын, анын 28и бала экенин билдирген.
Башка беш округда дагы 12 киши каза тапты. Бул аймактарда өзгөчө абал жарыяланды. Жолдор, инфраструктура талкаланган, телефон байланыш иштебей жатат.
41 киши, анын ичинде 10 кыз изделүүдө. Кыздар Кервилл шаарынан алыс эмес жердеги Camp Mystic жайкы лагеринде болгон.
Шерине