Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 8-9-июлда мамлекеттик сапар менен Дүйшөмбүгө барат.

Бул тууралуу 7-июлда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген”, - деди Абдумуталип.

Сапардын жүрүшүндө эки мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” концерти өтөрү маалым болду.

Жапаровдун Тажикстанга сапары тууралуу 30-июнда бул мамлекеттин тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди кабыл алганда белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG