Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

"Шератондогу" окуя: Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалды


"Шератон" мейманканасы.
"Шератон" мейманканасы.

Бийчи Жан Воиновдун эки жансакчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.

Маалыматка ылайык, Воиновдун 44 жана 25 жаштагы жансакчыларына “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мейманканадагы чырлуу окуя боюнча шектелип жаткан бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов 1-августка чейин камакка алынган. Алар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалат.

Мейманканадагы окуя соцтармактарга тараган видеодон кийин белгилүү болду. Ал тасмада башкалаадагы "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге күч менен түртүп ийгенин көрүүгө болот. Жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кайниси менен чогуу кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкандарды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган. Жабырлануучу кыздарды эркектер сабап жатканда мейманкананын коопсуздук кызматы чара көрбөй, четте карап турганын сындаган.

3-июль күнү бул окуяга шектелип Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалган. Милиция бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Воиновдун апасы, белгилүү алып баруучу Ассоль Молдакматова тергөө аяктаганча күтө туруу керек деген пикирин билдирген.

Соцтармактарда "Шератон" мейманканасында коопсуздук - өзгөчө кыздардын коопсуздугуна кам көрүлбөсүн белгилеген активисттер, бөйөкмөт уюмдар мейманкананын администрациясын жана коопсуздук кызматын жоопко тартууну талап кылышып, мейманкананын өзүн бойкоттоого чакырык ташташты.

3-июль күнү кечинде мейманкана жетекчилиги билдирүү таратып, "жагымсыз окуяда коопсуздук кызматы тиешелүү чараларды көргөнүн", учурда "тергөө менен кызматташтып жатканын" маалымдаган. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG