Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Тажикстан: Швециядан депортацияланган активист сегиз жылга кесилди


Фарход Негматов
Фарход Негматов

Тажикстанда Швециядан депортацияланган активист Фарход Негматов өлкөдө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишине аралашкан деп айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жазды.

"Биз сот чечимине макул эмеспиз, бирок түйшүктөн качып кийинки сотко даттануудан баш тарттык", - деди аты-жөнүн айтуудан айбыккан активисттин жакындарынын бири.

Фарход Негматов үч кызы менен Швециядан 2024-жылы 27-декабрда депортацияланган. Дүйшөмбүгө учуп келгенде өзү дароо камакка алынып, кыздарын туугандары алып кеткен. Активисттин аялы ушул тапта Европа өлкөлөрүнүн биринде жашайт.

2019-жылы Негматовдун үй-бүлөсү Украинага көчүп кеткен, 2022-жылы Орусия согуш ачканда алар Швециянын Гетеборг шаарына жер которгон. "Негматов бир нече жолу башкалка сураганы менен швед бийлиги анын арызын четкен какканын" активисттин жакындарынын бири "Азаттыктын" журналистине айтып берген.

Тажикстанда "Хизб-ут-Тахрир" уюму 2001-жылы "кара тизмеге" киргизилип, анын активисттери куугунтукка кабылган.

Негматовдун жакындары анын "Хизб-ут-Тахрир" уюму менен байланышын четке кагып, ал соицалдык тармактарда тажик бийлигин сындап, ислам халифаты тууралуу постторду бөлүшкөнү үчүн кармалганын айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG