Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

Өзбекстан менчик университеттердин уставдык корун 2 млн долларга көтөрдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) лицензия берүүнүн шартын өзгөрткөн эрежелер киргизилди. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, менчик ЖОЖ ачууга белсенгендер Жогорку билим берүү, илим жана инновация министрлигине окуу жайдын концепциясы менен кошо анын баштапкы капиталы 2 миллион доллардан кем эмес экенин көрсөтүшү керек. Ага материалдык-техникалык база, программалык камсыздоо дагы кирет. Студенттердин санына жараша уставдык кор дагы көбөйүп турат.

Ошондой эле жаңы ЖОЖдор 350 миң доллардан кем эмес депозитти банктагы эсепке салышы талап кылынат.

Жаңы талаптарга ылайык, окуу жайдын имараттары жана башка кошумча жайлары 5 миң чарчы метрден кем болбошу керек. Окуу жайды түзүүчүлөр ал жайларга ээлик кыларын же жок дегенде беш жылдык ижара келишимин көрсөтүүгө милдеттүү.

Алгачкы беш жылда жылдык таза кирешенин кеминде 80% билим берүүгө жумшалса, андан кийинки жылдары бул көрсөткүч 50% кемибеши керек.

Ошондой эле менчик жогорку окуу жайларга бүтүрүүчүлөрдүн дипломдору тууралуу маалыматты министрликтин жалпы базасына тапшыруу милдети тагылат.

Бул коңшу өлкөдө билйиктин менчик окуу жайларга көрсөткөн биринчи кысымы эмес. 2024-жылы жогорку билим берүү министри менчик ЖОЖдо билим берүүнүн сапаты бекитилген шарттарга туура келбегендиктен лицензия берүү токтотулганын айткан.

Экперттер Өзбекстанда лицензия берүү эрежелерин катаалдаштыруу жаңы менчик ЖОЖдорду түзүүгө бөгөт коюп, атаандаштыкты азайтарын белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG