Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Орусияда мурунку транспорт министри Роман Старовойт өз жанын кыйды


Роман Старовойт
Роман Старовойт

Орусиянын дүйшөмбүдө кызматтан четтетилген, мурдагы транспорт министри Роман Старовойт өз жанын кыйганы кабарланды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы, Shot жана 112 телеграм-каналдары өз булактарына таянып кабарлады. Тергөө комитети маалыматты тастыктады.

"Бүгүн Одинцово шаардык округунда Орусия Федерациясынын мурдагы транспорт министри Роман Владимирович Старовойттун ок тийген сөөгү менчик жеңил машинеде табылды", - деп айтылат расмий маалыматта.

Mash телеграм-каналы экс-министр ага каршы козголгон кылмыш ишинен улам өз жанын кыйган болушу ыктымал экенин жазды. Каналдын жеке булактары Старовойт өзгөчө чоң көлөмдөгү көз боёмочулукка шектелип жатканын билдирген. "Коммерсанттын" булагы Украина менен чек арада курулуп жаткан коргонуу жайларына бөлүнгөн каражаттан кеминде 1 млрд рубль уурдалган ишке кириптер болгондор Старовойтко каршы көрсөтмө бергенин жазды. Шектүүлөрдүн арасында Курск облусунун мурдагы губернатору Алексей Смирнов дагы бардыгы маалым болду.

"Ошондой эле Старовойттун Курск облусунун ооруканаларына дары-дармек сатып алуу жана транспорт системаларынын иштен чыгып калганына канчалык тийешеси бардыгы текшерилип жатканын" Mash телеграм-каналы жазды.

53 жаштагы Старовойт Орусиянын транспорт министрлигин 2024-жылдын май айынан бери жетектеген.

2019-жылдын сентябрынан тарта Курск облусунун губернатору болгон. 2012-2018-жылдары Транспорт министрлигинин алдындагы Росавтодром ишканасын жетектеген.

7-июлда эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен кызматтан алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG