Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" жана "Бор-Дөбө" өткөрмө бекети ачылды


"Карамык" жана "Бордөбө" өткөрмө бекети. 8-июль, 2025-жыл.
"Карамык" жана "Бордөбө" өткөрмө бекети. 8-июль, 2025-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасынын Ош облусундагы "Карамык" жана "Бордөбө" көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши жандандырылды. 8-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон видео байланыш аркылуу аталган чек араны ачуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмат кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрөт. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө чек ара, соода-экономикалык, маданий алакалар жаатында сүйлөшүүлөр өтөрү кабарланды.

Дүйшөмбү шаарында 8-июлда “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү. Аземден кийин тараптар делегацияларын тааныштырып, тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп тараптуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG