Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:42

АКШ кыргыз жарандарына В-1/В-2 визанын мөөнөтүн үч айга кыскартты


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Мамлекеттик департаменти ушул аптада бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирди. Мындай чечим Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы жазылат.

Мамлекеттик департаменттин сайтындагы маалыматка караганда, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми үч айга деп белгиленди. Ошондой эле бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

“Иммиграциялык эмес визалардын жарактуу мөөнөтүн кыскартуу иммиграциялык системабызды кыянаттык менен пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу аракеттерибизди жакшыртат. Мамлекеттик департамент визалык мөөнөттү каалаган убакта кайра карап, өзгөртүшү мүмкүн”, - деп жазылган маалыматта.

АКШга кирүү үчүн визанын башка түрлөрү боюнча жаңы өзгөрүүлөрдү Мамлекеттик департаменттин сайтынан көрүүгө болот.

Өткөн айда АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу кыргыз элчиси Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Министрлик АКШда соңку жылдары кыргызстандык жарандар виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалар менен кирген соң талаптарды аткарбай койгондор көбөйгөнүн белгилеп, мекендештерди мыйзамды так сактоого чакырган.

Былтыр B-1/B-2 визаларын сураган кыргызстандыктардын арыздарынын 39,14% четке кагылган. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент былтыр жарыялаган отчетто белгиленген. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч мындан жогору болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG