Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Элчилик Орусияда "кирди-чыкты" жолу менен реестрден чыгуу мүмкүн эместигин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Элчиликтин башкы консулу Бакыт Асаналиев 10-июлда кыргызстандыктарга кайрылып, реестрден Орусиянын аймагынан чыкпай туруп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Орусиянын аймагынан чыгып, кайра кирүү жолу менен укуктук абалды мыйзамдаштырууга болбойт. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайра кирүүгө чектөө коюлат. Орусиянын аймагында калып, мындан ары иштейм дегендер өлкөдөн чыкпай туруп 10-сентябрга чейин аймактык полиция бөлүмдөрүнө кайрылып, документтерин тууралап, тийиштүү арыз менен кайрылып, айып пулдары болсо төлөп, реестрден чыкса болот. Эгер элчиликтин же миграциялык өкүлчүлүктүк атынан тизме түзүп же акчага чыгарып берүү тууралуу ортомчулук кызматтарды сунуштаса, ага ишенбегиле. Ал туура эмес маалымат. Акча менен реестрден чыгаруу мүмкүн эмес жана бул мыйзамсыз. Тизмеден чыгуунун бир жолу жарандардын эч кандай карызы болбошу керек. Бул негизги шарт".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин май айындагы маалыматына караганда, “кара тизмеде” 70 миңге жакын кыргызстандык бар. Азыр бул тизме канчага көбөйүп же азайганы тууралуу маалымат айтылган жок.

Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан. 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG