Айрым эксперттер Москванын Баку менен Еревандын тынчтык жараянына катышпай калганын белгилешет.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр «конструктивдүү маанайда жүргөнүн, эки өлкө ортосунда тынчтык орнотуунун кеңири маселелери камтылганын» билдирди. Маалыматка караганда, тараптар мамлекеттик чек аранын делимитациясына өзгөчө көңүл бурду. Лидерлер бул багыттагы алга жылууну жогору баалашты жана тиешелүү комиссияларга ишти улантуу тапшырмасын беришти.
Андан тышкары Зангеруз коридорун ачуу жана өнүктүрүү, тынчтык келишими жана башка маанилүү маселелер кеп болду.
Армениянын тышкы саясий мекемеси чек аранын делимитациясындагы прогрессти белгиледи жана өз ара ишенимди бекемдөө, алакаларды нормалдаштыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын билдирди.
Эки коңшу тынчтык келишимин быйыл жазда макулдашкан. Бирок Баку документке кол коюунун алдында бир нече шарттын аткарылышын талап кылган. Алсак, азери тарап Армениянын Конституциясындагы аймактык доомат алынып салууга тийиш деп эсептейт. Андан тышкары Минск тобу жоюлушу керек деген ойду жактап келатат. АКШ, Орусия жана Франция тең төрагалык кылган топ көп жылдан бери Армения - Азербайжан ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп жүрдү.
Бирок мындай процессти Азербайжан тышкы күчтөрдүн аймакка таасир этүү каражаты катары баалап, Орусияны жана башка чет өлкөлүк державаларды четтетип, тынчтык келишимин Ереван менен түздөн-түз иштеп чыгуу аракетин баштаган.
Ал эми расмий Ереван Минск тобуна байланышкан маселеде суроо жоктугун айтып, Баш мыйзамдагы жоболор тынчтык келишимине тоскоолдук болбошу керек деп санайт. Анын үстүнө Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү зарыл. Ал өнөктүктү эмки жайга чейин уюштуруу кыйла кыйын, анын жыйынтыгын да алдын ала билүү мүмкүн эмес.
Кавказдагы эки өлкө Тоолуу Карабак маселесинен улам 30 жылдан ашуун жаңжалдашып келди.
Азербайжан 2023-жылы сентябрда аймакты өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Ал жакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Бирок ортодогу чечиле элек маселелер бар. Атап айтканда Азербайжандын аймагын Нахичеван эксклавы менен байланыштырган жол бонча мунаса табыла элек.
Баку Зангеруз коридорунан эркин каттоо укугун алууну көздөйт. Байкоочулар Орусия бул жараянга ортомчу түшүүнү каалаганын, Москва Армения аркылуу өткөн жолду орусиялык чек арачылардын көзөмөлүнө алууну көздөрүн белгилешет.
Ереван буга каршы болуп, Армениянын суверенитетине шек жараларын айтып келатат.
Алиев менен Пашинянды Абу-Дабидеги жолугушуусу Москва - Бакунун мамилеси кескин начарлап кеткен маалда өтүүдө.
Ал эми армян өкмөтү жыл башында Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.
8-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио "Азербайжан менен Армения жакын арада тынчтык келишимине жетишет деп үмүттөнөбүз" деп айткан.
Түркия дагы Азербайжан-Армения чек арасынын ачылышына кызыкдар.
Июнда Пашинян президент Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Стамбулга тарыхый сапар менен барган.
Бир катар эксперттер Армения менен Азербайжан алакасын Москванын катышуусу жок жөнгө сала алса, Орусиянын Түштүк Кавказдагы саясий таасирине чоң сокку болорун белгилешет.
Орусия-Азербайжандын ортосундагы соңку кризисти да ушул тынчтык макулдашуусуна байланыштырган эксперттер да бар.
Саясат таануучу, Азербайжандын Тынчтык жана демократия институтунун конфликтология департаментинин жетекчиси Ариф Юнусов Баку менен Москванын соңку тирешинин себебин ушул сүйлөшүүлөр менен байланыштырды:
"Бул – Путиндин март айында башталган процесстер үчүн Азербайжанды жазалоо аракети. Ошондо Түркия Азербайжан менен Армениянын жакындашуусу жана тынчтык келишимге кол коюусу жаатында демилге көтөргөн. Андай болсо Армениянын Гюмри шаарындагы орусиялык базанын зарылчылыгына байланышкан маселе козголот. Орусия Түштүк Кавказдан кетиши мүмкүндүгү тууралуу кеп болууда. Москвада муну жакшы түшүнүшөт. Тынчтык келишимине кол коюу Орусиянын кызыкчылыгына төп келбесин билишет. Сириядагыдай болуп, Орусияны аймактан сүрүп чыгарышарын түшүнүшөт".
Пашинян менен Алиев акыркы жолу быйыл майда Тиранада Европанын саясий жамаатынын саммитинде жолуккан.
Шерине