Рубио менен Лавров Эр-Риядда жолугат

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 18-февралда Сауд Аравиясында жолугат. Тараптар Украинадагы согушту токтотуу жолдорун талкуулашат.

Кремлдин маалыматына ылайык, сүйлөшүүгө Лавровдон тышкары орус президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышат. Алар дагы 17-декабрда Эр-Риядга барары кабарланды.

Associated Press жана Axios агенттиктери АКШ тараптан сүйлөшүүгө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана атайын өкүл Стив Виткофф да катышарын жазышты.

Азырынча Украинанын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чакырылабы же жокпу, белгисиз. NBC News'тун маалыматына ылайык, Вашингтон алгач Орусия менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландаштырууда.

Серверде ката

Oops, as you can see, this is not what we wanted to show you!

This URL has been sent to our support web team to look into it immediately. Our apologies.

Please use Search above to see if you can find it elsewhere

Bloomberg жана Politico басылмалары расмий Киев АКШ менен Орусиянын Сауд Аравиясындагы жолугушуусунан кабардар болбогонун жазышты. Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына барды. Андан ары ал Сауд Арабиясына барары кабарланган.

Зеленскийдин ал жакта Орусия жана АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган эмес. Бул тууралуу Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко билдирди. Анын айтуусуна караганда, Сауд Арабиясында украин өкмөттүк делегациясы ишкерлер менен жолугушууларды өткөрөт.

Серверде ката

Oops, as you can see, this is not what we wanted to show you!

This URL has been sent to our support web team to look into it immediately. Our apologies.

Please use Search above to see if you can find it elsewhere