1-июлда болсо “Апрелдин” мурдагы кызматкерлери күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка да чакыртылган. Соттук териштирүүдөн тышкары телеканал боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтыла баштады.
4-июлда “Апрель” телеканалы боюнча Октябрь райондук сотунда чечим чыгары күтүлүп жаткан. Бирок прокуратура доо арызындагы өтүнүчүнө өзгөртүү киргизип, “Апрелди” юридикалык мекеме катары толук жоюп салууну соттон суранды. Буга чейин телеканалдын лицензиясын жокко чыгарууну өтүнүп жаткан болчу.
Прокуратура буга телеканал өзүнүн уставында көрсөтүлгөн максаттарга каршы иш жасаганы себеп деген жүйө келтирүүдө:
“Уставга ылайык, “Апрель ТВ” телеканалы Кыргызстандын аймагында бейтараптуу, так жана калыс маалымат таратууга милдеттенген. Мындан тышкары журналистиканын стандарттарын сактап, ар бир адамдын укугун коргошу керек. Бирок “Апрель ТВнын” маалыматтык саясаты уставдын талаптарына жооп бербейт. Көп учурда маалыматтары максаттуу түрдө чагымчыл мүнөздө болуп, мамлекеттеги саясий абалды чыңалтууну максат кылат”, - деди сотко катышкан прокурор.
Телеканалдын адвокаты доо арыз жарым-жартылай өзгөргөнүн себеп кылып, жарыш сөзгө даярданууга убакыт сурады. Сот кийинки отурумду 7-июлда дайындаган. Бүгүн кечке жуук оппозициялык маанайдагы телеканалдын тагдыры чечиле турганы күтүлүп жатат.
Акмат Алагушев
“Апрель ТВга” жада калса эскертүү беришкен жок да. Мыйзамга ылайык, кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, анда алгач эскертүү болушу керек эле. Андан кийин сот болушу керек. Эскертүүсүз сот болбошу керек эле. Сот негизи эле доо арызды кабыл албашы керек болчу. Бирок бул жакта андай болгон жок. Мындан тышкары «Апрелдин» социал тармактагы баракчаларын кошо жапкысы келип жатат”, - деди “Апрель” телеканалынын адвокаты Акмат Алагушев.
Прокуратура “Апрель” телеканалынын Фейсбуктагы, Инстаграмдагы баракчаларын жана Ютубдагы каналын да сот аркылуу жапкысы келет. Бирок аны кантип ишке ашырары түшүнүксүз болуп турат.
Анткени Кыргызстандагы тиешелүү мекемелердин колунда мындай мүмкүнчүлүк жок.
Ал эми телеканалдын жетекчилиги “Апрелдин” ишмердиги мындан ары уланарына ишеним артпай турганын Телеграмдагы каналы аркылуу билдирди.
"Биз буга чейин эле сот кандай чечим чыгарбасын, ал аткарыларын айтканбыз. 99% болжол менен сот чечими биздин пайдабызга чыкпайт. Ошондуктан, биз күчүбүздү башка тармакка сарптап, ошол жактан пайда келтирүүгө аракеттенебиз".
Дагы караңыз Мамыркулованын иши: Сот Фейсбукка пикир жазууга тыюу салды“Апрель” телеканалынын ишмердигине байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда УКМК өзүнчө иликтөө баштаганы белгилүү болду. Атайын кызмат 1-июлда “Апрелдин” мурдагы кызматкерлерин суракка алып, 2021-жылдан тарта эфирге чыккан материалдар боюнча суроо узаткан.
Күбө катары суралган журналисттердин адвокаты Бакытбек Автандил бул иш боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтат.
"Аталган суроолорунан улам “Массалык баш аламдыкка чакырык жасоо”, “Конституциялык түзүлүшкө каршы иш кылуу” деген сыяктуу беренелер менен иш козгойт окшойт. Бирок суракка барган журналисттер буга такыр макул эмес”.
Апрелдин айланасында сот иштеринин башталышына Республикалык психиатрия жана наркология борборунун “телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот” деген бүтүмү негиз болгон.
Экспертизанын мындай жыйынтыгы коомдо кызуу талкууланган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү