Тибет бутпарастарынын руханий лидери Далай Лама 90го чыкты

Далай-лама

Тибет бутпарастарынын руханий лидери Далай Лама 6-июлда 90 жашка толду. Жекшембиде миңдеген киши көсөмдүн туулган күнүн белгилөө үчүн Гималайдагы Индиянын Дхарамсала шаарына чогулушту. Тибет календары боюнча Далай Ламанын туулган күнүнүн урматына арналган апта жекшембиде майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды. Нөшөрлөгөн жаан алдында салттуу кийимчен, эки жагынан эки кечил сүйөп-таяган руханий көсөм эл алдына жылмайып чыкканын медиа каражаттары жазды.

Иш-чарага Индиянын өкмөт мүчөлөрү, Голливуддун актеру Ричард Гир жана миңдеген динчил бутпарастар катышып, ондогон жыл бою сүргүндө жүргөн, дүйнөдө тынчтыктын символу катары таанылган Далай Ламага урмат көрсөтүштү.

Ишембиде өткөн салтанатта Далай Лама "ден соолугу жакшы" экенин айтып, дагы "40 жыл жашайм" деп билдирди. Адатта туулган күнүн белгилебеген Далай Лама өзүн "жөнөкөй бутпарас кечили" деп атап, 90го толуп, өткөнгө көз чаптырганда эч нерсеге өкүнбөй турганын айтты.

"Эң негизгиси – жакындарыңа гана эмес, бүтүндөй адамзатка боорукердик жана мээрим чачуу менен жандүйнөнүн тынчтыгына жетишүү", - деп айтылат руханий лидердин кайрылуусунда.

Тибеттик бутпарастардын ишенимине ылайык, жогорку руханий кечил каза болгондон кийин анын жаны кичинекей баланын денесине өтүп, кайра төрөлөт (реинкарнация). Далай Лама буга чейин өзүнүн жаны "эркин дүйнөдө", башкача айтканда Кытайдан тышкары жерде "реинкарнация болорун" айткан. Азыркы Далай Лама XIV көп жылдан бери Кытайдын үстөмдүгүнө каршы чыгып, Тибет диаспорасынын автономия үчүн күрөшүн жетектейт. 2011-жылдын март айында ал сүргүндөгү Тибет өкмөтүнүн саясий лидерлигинен кетерин, бирок Тибеттин руханий лидери бойдон каларын жарыялаган.

Тибетти 1950-жылы басып алып, башкарган Бээжин аймакты Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. 1959-жылы Бээжиндин үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш жеңилген соң Далай Лама Индияга качкан. Кытайдын коммунисттик бийлиги аны "сепаратист" деп тапкан. Бээжин бутпарастардын руханий көсөмүнүн мураскери диний салттарга жана тарыхый үрп-адаттарга ылайык, Кытай мыйзамдарынын негизинде тандалып, аны өкмөт бекитиши зарыл деп эсептейт.

Дагы караңыз

"Апрель ТВ”: Сотто жарыш сөз башталды, прокуратура өтүнүчүн өзгөрттү Саясатчы, активисттерди аңдуу. Израилдин тыңчылык программасын кимдер колдонгон? Москвадан түңүлгөн Тегеранга Бээжин кол сунабы?