Путин башка жакка көчкөнүн аскердик комиссариатка билдирбегендерге айып салган мыйзамга кол койду

Орусияда аскерге чакырылгандар.

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө жашаган жерин алмаштырганы боюнча аскердик комиссариатка маалымат бербеген жарандарга айып салган мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума февраль айында кабыл алган. Демилгени парламенттеги Коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов баштаган депутаттар көтөргөн.

Документке ылайык, мындай укук бузуу үчүн 10-20 миң рубль айып салынат. Мыйзам күчүнө киргенге чейин айыптар 1 миңден 5 миң рублге чейин болгон. Мындай талап аскерге милдеттүүлөргө жана келечекте чакырыла тургандарга тиешелүү.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы аскердик каттоого туруу милдетин аткарбаганы үчүн айыпка илингендердин эң көбү - өзүнүн жашаган жерин өзгөрткөнүн аскер комиссариатына билдирбеген жарандар болгон. Мындан тышкары дагы 18 миңден көп кишиге эскертүү берилген.

7-июлда Путин кол койгон башка мыйзамдардын арасында жарандыгы жок адамдарга Орусия армиясында кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берген нормалар да бар.

Дагы караңыз

АКШ "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун "кара тизмеден" чыгаратАКШ Украинага кошумча курал-жарак жөнөтөтУкраина: Орус армиясынын дрон, ракета чабуулунан ондогон киши жараат алды ТИМ кыргызстандыктарга Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелерин эскертти