Ошто Ташиев өткөрүп жаткан жыйында бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды

Ошто Камчыбек Ташиев өткөрүп жаткан жыйын. Сүрөттү Region телеканалы жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Бул тууралуу Region телеканалы кабарлап, видео-фотолорун жарыялады.

Маалыматка караганда, алар “Кадастр”, сот жана Салык кызматынын кызматкерлери. Азырынча УКМК расмий маалымат бере элек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев аймактарды кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп жатат. Жергиликтүү жетекчилер жыйын учурунда кармалып же кызматтан кеткен учурлар бар. (TSh)

Дагы караңыз

Балыкчы мэриясы Семенов-Тян-Шанскийдин айкели тууралуу түшүндүрмө берди