Кыргыз-тажик алакасы: Жапаровдун сапары, коопсуздук жана экономика

Садыр Жапаровду Дүйшөмбү аба майданында тажик президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Эң жогорку макамдагы сапар алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүү талкууланып, бир нече жылдан бери жабык турган "Карамык" жана Бор-Дөбө бекеттери ачылды.

Быйыл эки өлкө Фергана өрөөнүндөгү талаштуу чек араларын тактоого жетишти. Эки жолку куралдуу кагылыштан кийинки бул кадам дипломатиянын эң чоң жетишкендиги катары кабыл алынууда. Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапарынын мааниси кандай?

Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары Дүйшөмбү аба майданында тажик президенти Эмомали Рахмондун тосуп алуусу жана ырчы-чоорчулар коштогон чоң шаан-шөкөт менен башталды.

Эки тараптуу жолугушууда Эмомали Рахмон Дүйшөмбү Кыргызстан менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.

“Сиздин сапарыңыз тажик-кыргыз мамилелеринин туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсүнө эки тараптын тең кызыкдарлыгын тастыктап турат. Тажикстан Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бүгүн кабыл алына турган чечимдер алакаларыбыздын, достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган. Бүгүн биз биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын гана бекемдебестен, бул багыттагы мындан аркы аракеттердин нугун аныктайбыз деп ишенем”.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо аяктагандан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби, биринчи кезекте, соода-экономикалык жана маданий байланышты чыңдоо болорун айтты.

"Биз азыр кеңири багыттарды камтый турган толук форматтагы эки тараптуу кызматташтыкты баштоо алдында турабыз. Мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштайм. Анүчүн биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин ишин жандандыруу;
- эки өлкөнүн парламенттеринин достук депутаттык топторунун жана тармактык комитеттеринин катышуусунда Парламенттер аралык механизмди түзүү;
- биз өкмөт аралык кеңеш түзүү боюнча макулдашууга бүгүнкү кол коюуну кубаттайбыз. Кеңештин алгачкы жыйынын жакынкы айларда Бишкекте өткөрүүнү сунуштайм.
- кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин улантуу;
- чек арага чектеш облустардын ортосунда туруктуу иштеген кызматташтык механизмин, Форум же Региондор кеңеши түрүндө түзүү”.

Жапаров менен Рахмон эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты камтыган 13 макулдашууга жана меморандумга кол коюшту.

Анын ичинде:

• Президенттердин биргелешкен билдирүүсү;
• Ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
• Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу;
• Геодезия, кадастр, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
•Стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
•Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
• Маданият, мамлекеттик кызмат, социалдык чөйрө жана маалымат каражаттары боюнча меморандумдар;
• Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкердик кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда беш чек ара бекети бар. 2021-жылдан бери жабык турган алардын экөө – Кызыл-Бел жана Кайрагач бекеттери марттын ортосунда Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде ачылып, иштей баштаган. Бүгүн Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө мамлекеттик сапарынын алкагында Карамык жана Бор-Дөбө чек ара бекеттери ачылды.

Карамык жана Бор-Дөбө чек ара бекеттеринин ачылышы.

Бүгүн ачылган бекеттер Тажикстандагы этникалык кыргыздар жашаган аймактар менен байланыштырат. Журналист Жолдош Турдубаев соңку чечим эң ири этникалык кыргыздар үчүн маанилүү экенин белгиледи:

"Эл үчүн, айрыкча этникалык кыргыздар үчүн бул өто маанилүү жол. Себеби, ошол Жерге-Талда жашап жаткан кыргыздардын кыйласы Кыргызстанга көчкөн. Айрыкча акыркы эки жолку кагылышуудан кийин көчүүлөр өтө көп болду. Анан, там-ташын калтырган адам бул жакка келип убактылуу жашап жаткандар да бар арасында. Алар сөзсүз түрдө кайра ошол ата-бабасы, туугандары жашап жаткан жерге баргысы келет. Туугандары менен катышуу, тойлор болот, кайтыш болгон туугандарына барып куран окутуш керек. Катышуу тынымсыз болуп турат. Чек ара жабыкта аргасыз Кожент тараптагы жол ачылганда айланып-тегеренип Дүшөмбү аркылуу, Чоң-Алай жолунан 4-5 эсе ашыкча чыгым менен каттап жаткандар болду. Аргасыз да, зарыл болгон үчүн каттайт да. Дарылануу үчүн каттагандар бар. Жаштардын окуп билим алуусу үчүн бул жакка каттагандар бар. Кыскасы, бул жолдун ачылышы бардык жагынан эң туура болду".

Карамык жана Бор-Дөбө чек ара бекеттеринин ачылышы.

Кыргыз өкмөтү апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасын тосуу иши баштаган. Зым тосмолорду орнотууну чек ара кызматынын аскерлери аткарып жатат. Баткен облустук администрациясы жыл соңуна чейин кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымы тосуларын билдирген.

13-мартта Бишкек шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан. Келишим парламентте ратификациялангандан кийин, 26-мартта чек араны делимитациялоо боюнча мыйзамга кол коюлуп, ошол эле күнү тараптар ортосундагы автоунаа жана авиакаттамдар кайра жанданган.

Чек ара коопсуздугу боюнча эксперт Хаитали Айкыновдун айтымында, чек араны тосуу иштерин азыркы учурда кыргыз тарап гана жүргүзүп жатат. Тажикстан тарапта тосуу жана жол куруу иштери байкала элек. Мартта ачылган Кызыл-Бел жана Кайрагач чек ара бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалар тоскоолдуксуз эле ары-бери өтүп жатат.

Хаитали Айкынова.

“Демаркация жумуштары үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен жеринен – Төрт-Гүл айыл аймагынан башталып, азыр Кара-Бак айыл өкмөтүндө, Аксай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак тилкесинде жүрүп жатат. Демаркация иштерине бардык куралдуу күчтөрдүн Баткенде жайгашкан бөлүктөрү - чек арачылар, ИИМдин, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери катышып жатат. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик менен эл дагы кол кабыш кылып, аларга жардам берип, тамак-аштарына каралашып, айрым мекеме-ишканалар дагы барып кабарлашып, ашар жолу менен жакшы жардам берүүдө. Менин оюмча, демаркация жумуштары жакшы жүрүп жатат. Ушул темпте барса, жакын арада мурда кооптуу деп эсептелген Аксай айыл өкмөтүнүн, Ворух анклавынын айланасында жумуштар бүтүп калат”.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Калган 486,94 чакырымын делимитациялоо иши соңку үч жыл ичинде ишке ашты.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака 2021-жылдан тарта кескин муздап отуруп, 2024-жылга карай дээрлик жокко эсе болуп калган. Быйыл мартта чек ара расмий делимитацияланып, тосмолор ачылгандан кийин соода кайра жандана баштады. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына таянсак, эки тараптын майга чейинки өз ара соодасы 2 млн доллардан ашты. Тажикстандын расмий булактары кыргыз-тажик соодасынын көлөмү 6 млн доллардан ашканын жазууда. Анын ¾ (төрттөн үчү) Кыргызстандын экспортунан турат.