Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

Израил Газада барымтада турган 20 кишинин тизмесин жарыялады


Барымтага алынгандарды бошотууну талап кылган акция. Тель-Авив, Израил, 15-январь, 2025-жыл
Барымтага алынгандарды бошотууну талап кылган акция. Тель-Авив, Израил, 15-январь, 2025-жыл

Израил Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган 50 кишинин ичинен көзү тирүү деген 20 туткундун тизмесин жарыялады.

Алардын барымтага алынганына 639 күн болду.

Израил тараптын маалыматына караганда, туткундардын арасында Реимдеги "Нова" фестивалында барымтага алынган 11 адам, эки жоокер, өлкөнүн ар кайсы кибуцтарынан туткундалган жети киши бар.

Тизмеде Донбасстан чыккан Максим Харкиндин да ысымы жүрөт. Ага барымтага түшкөндөн кийин орус жарандыгы берилгени белгилүү.

Израил АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС куралдуу тобу менен келишимдин түзүлүшүн күтүп жатат.

Анда ок атышууну 60 күнгө токтотуу, бул аралыкта 10 туткунду бошотуп, барымтада каза тапкан 18 кишинин сөөгүн кайтаруу камтылган. Бул үчүн Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктар бошотулушу керек.

Израил менен ХАМАСтын жолугушуусу Катарда өтөт. Израилдин делегациясы жекшембиде Дохага учуп кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG