АКШ президенти Дональд Трамп бир катар өлкөлөрдүн лидерлерине кат жиберип, быйыл 1-августтан тарта аталган мамлекеттерден ташылган товарга бажы алымы көбөйө турганын кабарлады. Каттын көчүрмөсүн Трамп Truth Social социалдык тармагына жарыялады.
Ак үй Жапонияга, Түштүк Кореяга, Казакстанга, Малайзияга тариф - 25%, Лаос жана Мьянмага - 40%, Түштүк Африкага болсо 30% көтөрүлөрүн кабарлады. Вашингтондун мындай катын 10дон ашуун өлкө лидерлери алат.
Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Ливитт Трамп АКШ менен соода макулдашууларына жетишүү үчүн бажы тарифин көтөрүү мөөнөтүн 9-июлдан 1-августка которуу тууралуу буйрукка кол коерун билдирди.
Трамп жарыяланган каттарда АКШ аталган өлкө менен соода-сатык жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирип, ошол эле маалда Кошмо Штаттары үчүн пайдасыз шартта ишке ашып жатканын белгилеген.
Трамп келечекте АКШ бул же тигил өлкөнүн алакасына жараша бажы тарифин өзгөртөрүн да кошо камтыган.
Шерине