Астанадагы Казакстандын Улуттук коргоо университети аталышын өзгөртүп, коңшу өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атын алып салат. Бул тууралуу чечим тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин кабыл алынарын казакстандык медиа жазды.
Мыйзамга өзгөртүү киргизилсе Назарбаевдин аты берилген окуу жайы Казакстан Республикасынын Улуттук коргоо университети деп эле аталып калат.
Мыйзам долбоору 18-июлга чейин талкууланат.
2024-жылы январда бул окуу жайдын аймагында төрт жыл мурун коюлган Назарбаевдин эстелигин алып салышкан.
2023-жылкы "Кандуу каңтар" окуясынан кийин Казакстанда Назарбаевдин таасири солгундап, Елбасы наамынан жана экс-президентке, анын үч-бүлөсүнө берилген бардык артыкчылыктардан ажыратылган. Баш калаа Нурсултан деген аталышын Астана деп кайра өзгөрткөн.
Шерине