Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргыз-тажик алакасы: Жапаровдун сапары, коопсуздук жана экономика


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрөт. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө чек ара, соода-экономикалык, маданий алакалар жаатында сүйлөшүүлөр өтөрү кабарланды.

Дүйшөмбү шаарында 8-июлда “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү.

Аземден кийин тараптар делегацияларын тааныштырып, тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп тараптуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Чек ара аймактарынын тургундары үчүн кызыкчылык туудурган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин ийгиликтүү аяктаганын жана аны демаркациялоо боюнча иштердин активдүү жүрүп жатканын белгилеген.

Тажикстандын лидери эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшүнө да токтолгон. Ал коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргызстандык кесиптеши менен эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй региондун коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөчү маанилүү кадам болгонун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы калган тилкелерди демаркациялоо процесси жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров жүрүшүндө тараптар бардык актуалдуу маселелерди талкуулап, кыргыз-тажик кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктай турган мазмундуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө ишеним артарын баса белгиледи.

Президенттин администрациясы тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышарын кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө эки мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылган. Мындан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” концерти өтөт.

Дүйшөмбүдө сүйлөшүүлөр өтүп жатканда Ош облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" жана "Бор-Дөбө" көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши жандандырылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон видео байланыш аркылуу аталган чек араны ачуу аземине катышты.

Буга чейин 13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.

Буга чейин 29-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирген.

Чек араны тосуу иштери үчүн бул аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген. Биринчи этапта 420 км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Чек арага зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Демаркация иштерин баштоого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн форматта катышып, старт берген.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG