Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктары жоюлат


Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, дебюрократизация жараянынын алкагында Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктары жоюлат жана штаты 100 адамга азаят. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Кабыл алынган чечим статистика чөйрөсүндөгү функциялардын кайталанышын жоюуга, борбордук аппараттагы кызматкерлердин ишин күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Үнөмдөлгөн каражат бул комитеттин кызматкерлерине кошумча сый акы төлөөгө, материалдык жактан сыйлоонун башка чараларына жумшалат. Буга чейин аталган мекемеде отчеттуулуктун формалары оптималдаштырылып, 246дан 119га чейин кыскартылган",-деп айтылат маалыматта.

Март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы да чыккан. Документке ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары болгон. Ал ошондой эле Стратегиялык демилгелер улуттук институтун дагы жетектеп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG