АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын башкы дипломаты Куала-Лумпурда өтүп жаткан Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) коопсуздук боюнча регионалдык форумунда эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Маалымат агенттиктери жолугушуу 50 мүнөткө созулуп, Украинадагы Орусиянын согушу, Иран жана Сириядагы кырдаал, Орусия-Америка дипломатиялык алакаларын жолго салуу талкууланганын жазышты. Ошондой эле орус тарап Орусия менен АКШнын түз аба каттамдарын кайра жандандыруу маселелесин көтөргөн.
Reuters агенттиги жазгандай, Рубио Украинадагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууда Орусиянын позициясында ийкемдүүлүктүн жоктугуна ичи чыкпай турганын билдирген. Ал АКШ жаңжалды жөндөөнүн "жол картасын" көргүсү келерин айткан. Кошмо Штаттар НАТОдогу өнөктөштөрүн Patriot системасынын айрымдарын Украинага берүүгө ынандырат деп турганын кошумчалады.
Эки дипломаттын сүйлөшүүсү Орусия Киевге 10 сааттай чабул коюп, кеминде эки киши набыт болгондон кийин өттү. Мурдарак АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путиндин Украинадагы урушту улантып жатканынкескин сындап, Вашингтондун Киевге аскердик жардамды көбөйтүү планын айткан.
Рубио менен Лавров буга чейин быйыл февралда Сауд Аравиясында бетме-бет жолуккан, эки дипломат телефондон такай сүйлөшүп турат.
Шерине