Орусиялык тарыхчы Виктор Козодой Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы жана облусундагы башкармалыгы менен Ош облустук прокуратурасынын кызматкерлерине лекция өткөнү белгилүу болду. "Регион" телеканалы билдиргендей, жолугушуу укук коргоо кызматкерлери менен Козодойду тааныштырып, анын эмгектери тууралуу баяндамасын угуу үчүн уюштурулган.
Мунун алдында Виктор Козодой өзү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Менин кыргыздардын тарыхы боюнча тыкан ишиме жана ишмердигиме көңүл бурушту жана УКМК менен прокуратура олуттуу кызыкты”, - деп жазды Козодой.
Ал буга чейинки алты саат мурда чыгарган билдирүүсүндө Жалал-Абад шаарында жүргөнүн жазган. Анын алдында Ош технологиялык окуу жайынын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүп, Алай районуна барганын да чыгарган.
Виктор Козодой тарых илимдеринин доктору, Тарых жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси. Ал соңку жылдары кыргыз тарыхы тууралуу макалаларын жарыялап, Кыргызстанга да бир нече ирет келген. Анын “Сибирь кыргыздарынын беги - Эренек” аттуу китеби кыргыз тилинде да жарык көргөн. Козодойдун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү жана макалаларындагы "сибирь кыргыздары" тууралуу жазгандары кыргыз коомчулугунда талкуу жараткан.