Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги Эркиндик бульварындагы имаратынан ажырап калуу коркунучунда турганын айтты. Институттун мындай билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына 7-июлда жарыяланды.
Анда инситуттун имараты республикалык маанидеги архитектуралык эстелик катары мамлекеттик коргоодо турганына карабай, президенттин администрациясынын өкүлдөрү 27-июнда барып, бир-эки жуманын ичинде бошотуу талабын койгону айтылган.
“Институттун жамааты оңдоо-түзөө иштерин имаратты бошотпостон деле жүргүзсө болот деп эсептейбиз, анткени пландуу иштер буга чейин эле жүргүзүлүп келет. Капиталдык оңдоо иштерин аткаруу мөөнөтү болжол менен эки-үч жылды түзөт. Президенттик администрациянын өкүлүнүн директивдүү үнү имаратты Геология институтунан тартып алгысы келет деген ойго түртөт. Бул институттун мүлкүнө кол салуунун биринчи аракети эмес”, - деп жазылган кайрылууда.
Кайрылууда институт 30дан ашык илимдин докторун жана 200дөн көп кандидатын даярдаганы, ар кандай экспертизаларды жүргүзүп, мамлекеттин илимий саясатын ишке ашырууга активдүү катышары жазылган. Анын имаратында лабораториялык шаймандар, ар кандай кымбат баалуу металлдардын жана кен байлыктардын коллекциялары бар экени белгиленип, аларды башка жакка жылдырууга болбой турганын жазышкан.
Мындан тышкары институт Кытай Илимдер академиясы менен 1 миллион доллардан ашык гранттык келишим түзгөнү, анын негизинде алдыдагы үч жыл бою изилдөө иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленген. Институттун эмгек жамааты президент Жапаровдон имараттын кол тийбестигин камсыздап берүүнү өтүнгөн.
Кайрылуу боюнча президенттин администрациясы комментарий бере элек.
5-июлда Министрлер кабинети Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик деп саналган макамынын ажыратуу тууралуу токтом чыгарган. Бул документти коомчулук кызуу талкуулап, алардын макамын сактап калуу зарылдыгын белгилегендер бар.