"Апрель ТВ”: Сотто жарыш сөз башталды, прокуратура өтүнүчүн өзгөрттү
Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Апрель" телеканалынын ишмердигине байланыштуу жараян аяктап калды. 7-июлда тараптар жарыш сөзгө чыгып, андан соң сот чечим кабыл алынат. Прокуратура телеканалды юридикалык жак катары толук жоюп, социалдык тармактардагы баракчаларын жабууну максат кылууда.
1-июлда болсо “Апрелдин” мурдагы кызматкерлери күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка да чакыртылган. Соттук териштирүүдөн тышкары телеканал боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтыла баштады.
4-июлда “Апрель” телеканалы боюнча Октябрь райондук сотунда чечим чыгары күтүлүп жаткан. Бирок прокуратура доо арызындагы өтүнүчүнө өзгөртүү киргизип, “Апрелди” юридикалык мекеме катары толук жоюп салууну соттон суранды. Буга чейин телеканалдын лицензиясын жокко чыгарууну өтүнүп жаткан болчу.
Прокуратура буга телеканал өзүнүн уставында көрсөтүлгөн максаттарга каршы иш жасаганы себеп деген жүйө келтирүүдө:
“Уставга ылайык, “Апрель ТВ” телеканалы Кыргызстандын аймагында бейтараптуу, так жана калыс маалымат таратууга милдеттенген. Мындан тышкары журналистиканын стандарттарын сактап, ар бир адамдын укугун коргошу керек. Бирок “Апрель ТВнын” маалыматтык саясаты уставдын талаптарына жооп бербейт. Көп учурда маалыматтары максаттуу түрдө чагымчыл мүнөздө болуп, мамлекеттеги саясий абалды чыңалтууну максат кылат”, - деди сотко катышкан прокурор.
Телеканалдын адвокаты доо арыз жарым-жартылай өзгөргөнүн себеп кылып, жарыш сөзгө даярданууга убакыт сурады. Сот кийинки отурумду 7-июлда дайындаган. Бүгүн кечке жуук оппозициялык маанайдагы телеканалдын тагдыры чечиле турганы күтүлүп жатат.
Акмат Алагушев
“Апрель ТВга” жада калса эскертүү беришкен жок да. Мыйзамга ылайык, кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, анда алгач эскертүү болушу керек эле. Андан кийин сот болушу керек. Эскертүүсүз сот болбошу керек эле. Сот негизи эле доо арызды кабыл албашы керек болчу. Бирок бул жакта андай болгон жок. Мындан тышкары «Апрелдин» социал тармактагы баракчаларын кошо жапкысы келип жатат”, - деди “Апрель” телеканалынын адвокаты Акмат Алагушев.
Прокуратура “Апрель” телеканалынын Фейсбуктагы, Инстаграмдагы баракчаларын жана Ютубдагы каналын да сот аркылуу жапкысы келет. Бирок аны кантип ишке ашырары түшүнүксүз болуп турат.
Анткени Кыргызстандагы тиешелүү мекемелердин колунда мындай мүмкүнчүлүк жок.
Ал эми телеканалдын жетекчилиги “Апрелдин” ишмердиги мындан ары уланарына ишеним артпай турганын Телеграмдагы каналы аркылуу билдирди.
"Биз буга чейин эле сот кандай чечим чыгарбасын, ал аткарыларын айтканбыз. 99% болжол менен сот чечими биздин пайдабызга чыкпайт. Ошондуктан, биз күчүбүздү башка тармакка сарптап, ошол жактан пайда келтирүүгө аракеттенебиз".
“Апрель” телеканалынын ишмердигине байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда УКМК өзүнчө иликтөө баштаганы белгилүү болду. Атайын кызмат 1-июлда “Апрелдин” мурдагы кызматкерлерин суракка алып, 2021-жылдан тарта эфирге чыккан материалдар боюнча суроо узаткан.
Күбө катары суралган журналисттердин адвокаты Бакытбек Автандил бул иш боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтат.
"Аталган суроолорунан улам “Массалык баш аламдыкка чакырык жасоо”, “Конституциялык түзүлүшкө каршы иш кылуу” деген сыяктуу беренелер менен иш козгойт окшойт. Бирок суракка барган журналисттер буга такыр макул эмес”.
Апрелдин айланасында сот иштеринин башталышына Республикалык психиатрия жана наркология борборунун “телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот” деген бүтүмү негиз болгон.
Экспертизанын мындай жыйынтыгы коомдо кызуу талкууланган.
2021-жылы жарыяланган масштабдуу изилдөөгө ылайык, израилдик NSO Group компаниясынын Pegasus тыңчылык программасын 45 өлкөнүн бийлиги колдонгон. Тыңчылык программадан кантип коргонууга болот?
Программа Казакстандын президенти менен премьер-министринин, ал тургай жарандык активисттер, укук коргоочулардын телефондорун бузуп кире алат.
Жакында АКШда өткөн сотто израилдик компания анын программасын колдонгон үч өлкөнү атады, анын ичинде Өзбекстан да бар.
Сиз күн сайын колдонгон жөнөкөй смартфон тыңчылыктын чыныгы куралы болуп калышы мүмкүн. Анткени, программа киргизилген телефон сиз качан уктап, качан ойгонгонуңузду, кайсы жерге барганыңызды, эмне кылганыңызды, эмнени угуп, кимдер менен сүйлөшкөнүңүздү жана эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңызды билет. Гажет ал маалыматтарды программаны киргизип, телефон ээсин аңдыгандарга бере алат.
Коррупцияны ашкерелеген OCCRP уюму тарабынан беш жыл мурда жарыяланган изилдөө дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдардын телефондору Pegasus аркылуу хакердик чабуулга кабылышы мүмкүн экенин көрсөттү. Amnesty International жана 17 маалымат каражаты израилдик компания иштеп чыккан программа аңдууда пайдаланылганын ачыктады.
Аңдууга кабылгандар тизмесинде эки миңге жакын казакстандык номур бар. Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев, андан кийин премьер-министр Аскар Мамин жана Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаевдин ысымы кирген. Мындан тышкары журналисттердин, активисттердин, укук коргоочулардын жана бизнесмендердин смартфондору да хакердик чабуулга кабылган болушу мүмкүн. OCCRP киберчабуулдарда көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку даражалуу аткаминерлери бутага алынганын, кардарлар негизинен башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтары болгонун жазышкан. Бирок Казакстандын бийлиги өзү жарандарды аңдууда бул программаны колдонгон.
Журналисттердин иликтөөсүнө караганда Pegasus программасын 45 мамлекеттин бийлиги колдонгон.
Тыңчылык программа эмне максатты көздөйт?
Кардарларын көптөн бери жашырып келген израилдик NSO Group компаниясы жакында Pegasus программасын сатып алган үч өлкөнү атоого аргасыз болду.
2019-жылы Меtа компаниясынын арызынын негизинде NSO Group компаниясына каршы козголгон кылмыш иши АКШнын сотунда каралды.
Доо арызда израилдик компания WhatsApp (Meta компаниясынын тиркемеси) менен түзүлгөн келишимдин шарттарын, АКШнын федералдык жана жергиликтүү мыйзамдарын бузганы, Pegasus аркылуу мессенжерге чабуул жасаганы жана мыйзамсыз кибертыңчылык кылганы айтылган.
Сотто NSO Group компаниясынын өкүлү террорчулукка каршы күрөштө жардам берүү үчүн Pegasus программасын өкмөттөргө бергенин кайталады.
Аны колдонгондор катары Өзбекстан, Сауд Арабия жана Мексиканы атаган. NSO Group менен алты жылга созулган сот 2025-жылдын май айында аяктаган. Айыптар далилденген жана сот NSO Group WhatsAppтын ээсине 168 миллион доллар төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.
Журналисттердин айтымында, Казакстан Pegasus колдонгон 45 өлкөнүн бири.
Тизмедеги миңдеген казакстандыктардын арасында «Oyan, Qazaqstan» кыймылынын активисти Дархан Шарипов да бар.
Дархан Шарипов
"Мындай тизмеге кирип калам деп ойлогон эмесмин. Биз андай атактуу адамдар эмеспиз да, жөн гана жарандык активистпиз. Бирок бийлик ушундай кадамга барды. Менимче, бул бийлик. Башка кимге керек эле? Pegasus программасынын баасы, ал эмнеге жөнөкөй активисттерге каршы колдонулганы боюнча суроолор бар. Муну мен жеке жашоого кол салуу деп баалайм. Биз мыйзамды бузган иш кылбайбыз", - дейт Шарипов.
Израилдик жеке менчик NSO Group компаниясы 2011-жылы Pegasus программасын иштеп чыкканы биринчи жолу 2016-жылдын августунда белгилүү болгон. Адистердин айтымында, программаны орнотуунун баасы кеминде жарым миллион долларды түзөт. Бир эле телефонду бир жыл бою көзөмөлгө алуу, системаны жаңылоого кеткен чыгымды эске алганда, бир миллиондон эки миллион долларга чейин кетет. Саясат таануучу Димаш Алжановдун телефонуна израилдик тыңчылык программасы киргизилген болушу ыктымал. Ал интернет катуу көзөмөлдөнүп, маалымат агымы электен өтүп, жарандык активисттер куугунтукка алынган өлкөдө аңдуунун бардык түрү колдонулат деп эсептейт.
Димаш Алжанов
"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай окуяларга каршы туруунун бир нече жолу бар. Өлкөдө маалыматты ачык талкуулоо же кандайдыр бир иликтөө жүргүзүү үчүн институттук негиз болушу керек. Израилдик компаниянын программасынын ачыкка чыкканы демократиялык институттары бар өлкөлөрдө мындай көрүнүш мүмкүн экенин далилдеди. Казакстанда балким, бул тизмеде мамлекеттин азыркы жетекчилеринин аты-жөнүн камтыгандыктан өлкө ички иликтөө жүргөн. Ачыктык жок жерде пиар күтпөш керек. Демократиялык өлкөлөрдө деле мындай учурлар болгон, бирок маалыматтар жашыруун болуп чыкты. Кайсы бир мамлекет өз жарандарына тыңчылык кылганын мойнуна алса, чатак чыгары анык. Ошондуктан, көпчүлүк: «Ооба, бул чын, тыңчылык болгон, аны жашыруу мүмкүн эмес» деп моюнга алуу менен чектелишет. Ким буйрутма берген, кайсы мамлекет, эмне максат болгонун эч ким айтпайт. Казакстанда деле ушундай эле жагдай".
PEGASUS ТИЗМЕСИНДЕГИ САЯСИЙ ЛИДЕРЛЕР
Иликтөөчү журналисттер 2021-жылы аныкташкандай, Pegasus программасы орнотулган 50 000 аппараттын арасында Франциянын президенти Эммануэл Макрондун телефону да болгон.
Кийинчерээк Франциянын прокуратурасы кибер байкоо жана ыктымал хакерлик, билдирүүлөрдү мыйзамсыз тыңшоо ыктымалдыгы боюнча иликтөө башталганын жарыялады.
Казакстанда 2022-жылдын жайында ошол кездеги санариптик өнүгүү министри Багдат Мусин тыңчылык программасынын айланасындагы жаңжалга мындай комментарий берген:
"Бул биздин компетенциябызга кирбейт. Муну менен алектенген атайын мекемелер бар. Мисалы, Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук комитети. Алардын ар бири өзүнүн компетенциясы бар. Бул боюнча иштеши керек".
Башта айтып өткөндөй, Pegasus тизмесине Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев да кирген. Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Токаев бул тизмеге 2017-жылы же 2018-жылы мажилистин спикери болуп турганда кирген. Ал кезде Улуттук коопсуздук комитетин 2022-жылы Токаев кызматынан бошоткон Карим Масимов жетектеп турган (кандуу Январь окуясынан кийин Масимов чыккынчылык, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 18 жылга эркинен ажыратылган).
УКМК аталган тыңчылык программаны колдонууну улантып жатабы, OCCRP иликтөөсүнөн кийин "Pegasus тизмеси" боюнча иликтөө жүргүзүлдүбү жана программаны колдонууга жооптуулар аныкталдыбы? “Азаттык” бул суроолорду коопсуздук комитетине жөнөтүп, 24-июнда мекемеден “сиз сураган маалымат жок экенин билдиребиз” деген кыска жооп алды.
PEGASUS КАНТИП ИШТЕЙТ?
Pegasus - бул гажеттин ээсинин уруксатысыз телефонго жашыруун орнотулган программа.
Бул эбегейсиз потенциалы бар технология. Программанын акыркы версиялары менен кардарлар уруксатчыз эле телефонду көзөмөлдөй алышат. Бул үчүн смартфонго келген билдирүүнү ачуунун же шилтемени басуунун кажети жок. Apple, Google, Microsoft сыяктуу гиганттардын коопсуздук программалары мындай тыңчылык программаны иштеп чыккан айрым компаниялардын продуктыларына өз убагында туруштук бере албайт.
Вирус телефонго алыстан киргизилет. Эксперттер муну zero-click чабуулу деп атап коюшат.
Программаны орноткон тарап ошол учурдан тартып телефондогу бардык билдирүүлөрдү окуй алат, сүрөттөрдү жана видеолорду көрө алат, геолокацияны, чалууларды, кат алышууларды көрөт. Ал камера жана микрофон аркылуу анын бүт күнүмдүк жашоосун угуп-билүүгө жөндөмдүү, сыр сөздөрү менен банктык реквизиттерине да оңой жете алат.
"Көптөгөн уюмдарда маалыматтык системалар бөлүмдөрүндө техникалык адистер бар. Муну программисттер жакшы билишет. Кандай гана телефон болбосун, мейли Android же iPhone болсун, анын арткы жана алдыңкы камералары аркылуу байкоого болот. Башкача айтканда, камера жана микрофон аркылуу адамды тымызын тыңшоого болот. Эгер телефонуңуз тыңшалып калса, баары көзөмөлдөнөт - ким менен сүйлөшөсүз, сизге ким чалып жатат, ал тургай, сиздин жеке аккаунтуңуздагы бардык маалыматтарыңызга жана сүрөттөрүңүзгө оңой кире алат. Муну сиз билбешиңиз мүмкүн, эгер телефонуңуз катуу ысып чыкса видео жана аудио жаздыруулар жасалып жаткан болушу ыктымал”, - дейт Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Отабек Ахмедов.
NSO компаниясынын жетекчилери Pegasus программасы террористтерге жана коркунучтуу кылмышкерлерди көзөмөлдөө максатында иштелип чыккан деп түшүндүрөт. Алар программалык камсыздоону мыйзамдуу колдонуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтарына сатылганын моюнга алган. Бирок кайсы өлкөлөр, кандай шартта жана канчага сатып алганын “коммерциялык сыр” деген шылтоо менен ачыкка чыгара элек.
ТЫҢЧЫЛАРДАН КАНТИП КОРГОНОБУЗ?
Pegasus жөнөкөй вирустарга караганда алда канча татаал. Көпчүлүк учурдакадимки антивирустук программалар аны аныктай албайт. Адистер программаны табуу да, аны жок кылып кутулуу да кыйын экенин айтышат.
Казакстандык активист Дархан Шарипов тизме тууралуу маалыматтардан кийин интернеттеги коопсуздукка көбүрөөк көңүл бура баштаган:
"Телефонуңуз iPhone болсо iOSтун эң акыркы версиясын жүктөп алышыңыз керек. Бейтааныш адамдардан келген Telegram же Whatsapp шилтемелерине, алар эмне жазбасын кирбеш керек. Телефонуңузду мезгил-мезгили менен өчүрүп күйгүзүп турушуңуз керек, анткени мындай учурда Pegasus программасынын иши үзгүлтүккө учурайт. iPhone Lockdown Mode деген функцияны жакында эле киргизди, ал иштетилгенде программага тоскоол боло турган FaceTime жана iMessage токтоп, бөгөттөлөт. Мындан тышкары эки факторлуу аутентификацияны иштетишиңиз керек", - деди Дархан Шарипов.
Журналисттердин Pegasus тыңчылык программасы тууралуу иликтөөсүнөн кийин Google, Apple жана Meta сыяктуу технологиялык гиганттар системаларында кошумча коопсуздук чараларын киргизди.