Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Экономика

Кызыл-Омпол титаномагнетит кени жайгашкан карта
Кызыл-Омпол титаномагнетит кени жайгашкан карта

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Өкмөт өкүлдөрү 20 миллион тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече сейрек кездешүүчү элемент бар кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалымат бере элек.

Коомчулукта Кызыл-Омполдогу өндүрүш экологияга зыянын тийгизбейби деген чочулоо айтылса, өкмөт эч кандай кооптоно турган жагдай жок экенине ишендирип келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, жана Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын 3-июлда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

“Сейрек кездешүүчү металл деп коёбуз, мына кечээ жакында титаномагнетит өндүрүшүн дагы пилоттук режимде баштадык. Бизде болжолдуу 20 млн тоннадай титаномагнетит бар деп айтып атышат. Азыр анын кенин казып, технологиясы өндүрүп атабыз”.

Төрөбаев 15-майда Кызыл-Омпол кенине барып, даярдык иштери менен таанышкан. Кенди иштетүүгө жооптуу болгон “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Кубат Абдраимов ал жерде өндүрүш үчүн керектүү объекттердин курулушу жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кызыл-Омолдун курамына кирген Таш-Булак тилкесинде руданы кайра иштетүүнүн технологиясын өркүндөтүүгө багытталган тажрыйбалык-өндүрүштүк аракеттер аткарылып жатканы кабарланган.

Өкмөт кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси менен айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасири тууралуу документтерди азырынча жарыялай элек.

Былтыр ноябрда ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кызыл-Омполду иштетүүгө мамлекет каражат тапканын айткан. Бирок каражаттын булагы жана инвестор тууралуу маалымат жабык бойдон калган.

Геолог Дүйшөнбек Камчыбеков Кызыл-Омполду иштетүүгө кеткен чыгымды жакшылап санап чыгуу керектигине токтолду.

“Бүгүнкү күндө бир эле тилкеде 1,6 млн тонна титаномагнетиттин кору бар деп айтканыбыз менен, ал жерден Кубакыга Бишкек-Торугарт деген чоң трасса өтөт, кендин 30-40% чейинки көлөмү ошол трассанын алдында жатат. Андан сырткары Датка-Кемин деген ЛЭП линиясы өтөт, ага дагы коргоо аймагын калтырыш керек. Ошону менен эсептегенде эле бул титаномагнетиттин 1,6 млн тоннасынын 30-40% жолдун астында, анан ЛЭПти коргоо аймагына калтырган жерге калат. Биз бул теманы түшүнгон адистер менен болжолдуу түрдө алдын ала ТЭОсун жасап, эсептеп көрөлүчү деп, өзүбүз да эсептеп чыктык. Ошондо пилоттук режимде иштетип аткан кенди жылына 175 миң тонна руданы кайра иштете турган болсо, ошондон түшө турган пайда 1 млн 300 миң доллар болот экен. Ал эми кете турган чыгым 10 млн доллардан ашып кетет экен. Экөөнүн балансын карап көрө турган болсок, анда тескери экономика 9 млн долларга чыгып кетет экен”.

Кызыл-Омполдун кендик курамы жана экологияга тийгизген таасири тууралуу да талкуулар болгон. Дүйшөнбек Камчыбеков бүгүнкү күндө кендин техникалык-экономикалык негиздемеси менен айлана-чөйрөгө тийгизе турган зыянын баалоо иштери боло электигин кошумчалады.

“Ал жерде Түндүк деген экинчи участогу бар. Ал ошол Кубакы белинин бурулушундагы Көк-Мойнок деген айылдын үстүндө. Ал жерде бир гана титаномагнетит эмес, уран да бар, торий да бар. Экология маселесине, адамдын ден-соолугуна байланыштуу шарттарды изилдебей туруп ал участокту келечекте кантип иштетебиз. Баке деген дагы бир участогу бар, ал Кубакы белинин түшө беришиндеги жолдун эле боюнда. Ал жерден Датка-Кемин линиясы да өтот. Ал жерди келечекте иштете турган болсок ал жол көчүп кетпейби, ЛЭП кандай болот? Дагы бир участогу бар Узун-Сай деген, ал Орто-Токой суу сактагычынын 60% алдында жатат. Суунун ичинен кантип иштетебиз? Ал жерде урандын чачылма түрү кошулган кум суу менен кошо агып кетпейби? Оттук деген дагы бир участогу бар, ал болсо Ак-Өлөң деген айылдын жанында, Ысык-Көлдүн жанында болуп калат. Ал жерден темир жол да өтүп атат, ага байланыштуу ал участокту да иштете албайбыз”.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү экологияга эч кандай терс таасири тийбей турганын айтып келишет. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев бул тобокелчиликтин баары эске алынганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген.

"Бүгүнкү күндө экологиялык тобокелдиктер жана дагы башка келечектеги иш-чаралар боюнча аракеттер башталып, ошол багыттарды күчөтүү максатында көптөгөн иштер жүрүп жатат. Чынында ал жерде курамында уран менен торийдин үлүшү аз. Титаномагнетитти бөлүп алып, анан аны экинчи этап менен уран-торийди Кара-Балтада иштетебиз деген технология... Бул алдын ала белгиленген технология. Ушул моносхема менен азыр жылып баратабыз. Бүгүнкү күндө Кызыл-Омполдун биринчи пробалары бир-эки институтка - ошол эле Орусия жана дагы биздин ушул жаатта лидер болгон Кытайдын илимий лабораторияларына жиберилген. Бул "Кыргызалтын" аркылуу Урал федералдык университетинин астындагы илимий-изилдөө институтунун лабораторисяна дагы жиберилген . Ал жерде 3 айдан 6 айга чейин изилдөө жүрөт. Ал негизинен коопсуз технологияны тандоо максатында жүргүзүлүп жатат".

Кызыл-Омпол: Пилоттук режимде титаномагнетит казуу башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Расмий маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол кени 1951-жылы ачылган. Кен Таш-Булак, Баке, Узун-Сай, Оттук жана Түндүк деген тилкелерден турат. Алар Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагын, Орто-Токой суу сактагычын курчап жатат. Ачык маалыматтарда СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталганы айтылат. Геологдор Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бардыгын белгилешет.

Президент Жапаровдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

Кызыл-Омпол: Пилоттук режимде титаномагнетит казуу башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Өкмөт өкүлдөрү 20 млн тоннадай титаномагнетит корунан сырткары уран баштаган бир нече cейрек кездешүүчү элементти камтыган кен кандай негизде иштетилери тууралуу толук маалым бере элек. Буга чейин Кызыл-Омпол кенин иштетүүдө экологияга зыян тийбейби деген чочулоо айтылып, өкмөт кенди иштетүүдө эч кандай кооптоно турган жагдай жок экенине ишендирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG